222-2-берене. Жаныбарлардын биологиялык калдыктарын жана өлүктөрүн чогултуунун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VII БӨЛҮМ›24-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
1. Жаныбарлардын биологиялык калдыктарын жана өлүктөрүн чогултуунун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосун жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)