69-статья. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›4-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 69-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Балдарга, анын ичинде майыптыгы бар балдарга карата камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органы болуп балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү саналат.

2. Аракетке жөндөмсүз же аракетке толук эмес жөндөмдүү болгон граждандарга карата камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органы болуп майыптыгы бар граждандарга жана улгайган граждандарга социалдык кызмат көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү саналат.

3. Көзөмөлдүккө алынгандардын жашаган жери боюнча камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдарынын аймактык бөлүмдөрү алардын камкордукка алуучуларынын жана көзөмөлдүк кылуучуларынын ишине көзөмөл жүргүзөт.

(КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)