68-статья. Көзөмөлдүк жүргүзүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 68-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Көзөмөлдүк кылуу соттун чечими менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга, ошондой эле спирт ичимдиктерин, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген граждандарга белгиленет.
2. Көзөмөлдүк кылуу алдында болгон граждандар өз алдынча жасоого укуксуз болгон бүтүмдөрдү жасоого көзөмөлдөөчүлөр макулдук беришет.
Көзөмөлдүк кылуучулар өзүнүн камкордугу алдында болгондорго алардын өз укуктарын жүзөгө ашырышына жана милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле аларды үчүнчү жактардын кыянаттык кылышынан коргошот.
(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2025-жылдын 2-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)