Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›3-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 48-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Анын кармоочусуна коносаментте көрсөтүлгөн жүктү тескөөгө жана ташып келингенден кийин жүктү алууга болгон укугун күбөлөндүрүүчү товардык тескөөчү документ коносамент деп таанылат.

Коносамент сунуш кылуучуга, ордердик же өздүк болушу мүмкүн.

Коносамент бир нече түп нускада даярдалган учурда биринчи сунуш кылынган коносамент боюнча жүктү берүү анын калган нускаларынын күчүн жокко чыгарат.