Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›3-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 47-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Дивиденддер түрүндө акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн алууга, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууда жана ал жоюлгандан кийин калган мүлктүн бир бөлүгүнө аны кармоочунун (акционердин) укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз акция деп таанылат.

Акциялар аты жазылып, эркин жүгүртүлүүчү же жүгүртүү чөйрөсү чектелүү боло алат.

2. Акционердик коом өзүнүн ээлик кылуу ишинин натыйжаларына карабастан өлчөмү акцияларды чыгарууда белгиленген проценттерди алууга аны кармоочуга гарантия берүүчү, ошондой эле акционердик коом жоюлгандан кийин калган мүлктүн бир бөлүгүн алууга башка акционерлерге караганда жеңилдетүүчү укугун берүүчү артыкчылыктуу акцияларды мыйзамда белгиленген чектерде чыгарууга акылуу.

Эгерде акционердик коомдун мыйзамында башкача каралбаса, акционердик коомдун артыкчылык акцияларын кармоочуларга коомдун ишин башкарууга катышуу укугу берилбейт.

(КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2022-жылдын 4-июлундагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)