49-статья. Банк сертификаты
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 49-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Аманаттын белгиленген мөөнөтү бүткөндө анын суммасын жана ошол банктын бардык мекемелеринде анын, проценттерин же болбосо башка төлөмүн алууга аманат салган адамдын укугун күбөлөндүрүүчү акча каражатын салгандыгы жөнүндө банктын кат жүзүндөгү күбөлүгү банк сертификаты деп таанылат.
Банк сертификаты өздүк болуп саналат.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)