367-статья. Карызкордун үчүнчү жактардын иш-аракеттери үчүн жоопкерчилиги


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›20-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 367-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Эгерде мыйзамда жоопкерчиликти түздөн-түз аткаруучу болуп эсептелген үчүнчү жак көтөрө тургандыгы белгиленбесе, анда карызкор милдеттенменин аткарылышы жүктөлгөн үчүнчү жак тарабынан аткарылбагандыгы же тийиштүү аткарылбагандыгы үчүн жооп берет.