366-статья. Карызкордун өз кызматкерлери үчүн жоопкерчилиги


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›20-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 366-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Карызкордун кызматкерлеринин анын милдеттенмесин аткаруу боюнча иш-аракеттери карызкордун иш-аракеттери деп эсептелинет. Эгерде мындай иш-аракеттер милдеттенменин аткарылбагандыгына же тийиштүү аткарылбагандыгына алып келсе, анда карызкор ал иш-аракеттер үчүн жооп берет.