189-статья. Жөндөмсүз катары таанылган граждандын жасаган бүтүмүнүн жараксыздыгы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 189-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү кошпогондо, психикалык жактан бузулуунун кесепетинен жөндөмсүз катары таанылган граждандын жасаган бүтүмү эч нерсеге татыбас бүтүм.
Мындай бүтүм жасагандын ар бир тарабы башкасынан натуралай алганын кайтарып берүүгө, ал эми натуралай алганын кайтарып берүүнүн мүмкүнчүлүгү болбосо, анын наркын акчалай толтурууга милдеттүү (184-статьянын 2-пункту).
Мындан тышкары жөндөмдүү тарап башка тарапка ал тарткан реалдуу зыяндын, эгерде жөндөмдүү жак экинчи тараптын жөндөмсүздүгүн билсе же билүүгө тийиш болсо, ордун толтурууга милдеттүү.
2. Психикалык жактан бузулуунун кесепетинен жөндөмсүз катары таанылган граждандын кызыкчылыгында ал тарабынан жасалган бүтүм аны көзөмөлгө алуучунун талабы боюнча, эгерде ал ушул граждандын пайдасына жасалса, сот тарабынан жарактуу катары таанылышы мүмкүн.
(КР 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)