188-статья. Курулай жана жалган бүтүмдөрдүн жараксыздыгы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›7-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 188-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Курулай бүтүм, башкача айтканда, көз будамалоо үчүн, ага тийиштүү укук мүнөздөрүн түзүүгө ниети жок жасалган бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм.

2. Жалган, б.а. башка бүтүмдү жабуу үчүн жасалган бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм. Тараптар бүтүмдүн мүнөзүн эске алуу менен, чынында эле билип туруп жасалган бүтүмгө, тийиштүү эрежелер колдонулат.