179-статья. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөр
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Бүтүмгө нотариалдык жактан күбөлүк документке ушул Кодекстин 176-статьясынын талаптарына ылайык нотариус же мына ушундай нотариалдык иштерди жасоого укуктуу башка кызмат адамы күбөлөндүргөн жазууну киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
2. Бүтүмгө нотариалдык жактан күбөлүк төмөнкү учурларда милдеттүү:
1) мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда;
2) каалаган тараптын талабы боюнча.