178-статья. Бүтүмдү жөнөкөй кат жүзүндө жасоону сактабоонун натыйжалары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›7-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 178-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Бүтүмдү жөнөкөй кат жүзүндө жасоону сактабаганда, тараптарды талаш чыккан учурларда бүтүмдүн ырасталышына таянуудан жана күбөлөрдүн көрсөтүүлөрүнүн шарттарынан ажыратат, бирок аларды жазуу түрүндөгү жана башка далилдерден ажыратпайт.

2. Мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда түздөн-түз көрсөтүлгөн учурларда бүтүмдү жөнөкөй кат жүзүндө жасоону сактабоо анын жараксыздыгына алып келет.

3. Тышкы экономикалык бүтүмдү жөнөкөй кат жүзүндө жасоо сакталбаганда бүтүм жараксыз болот.