63-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
02.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КАРЫЗ›13-глава Министрлер Кабинети тарабынан карызга алуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 63-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
1. Мамлекеттик кепилдик Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Мамлекеттик кепилдик берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул Кодексте каралбаган мамлекеттик кепилдиктер инвестициялар жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)