63-1-берене. Кепилчилик берүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КАРЫЗ›13-глава Министрлер Кабинети тарабынан карызга алуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 63-1-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
1. Кепилчилик Министрлер Кабинетинин чечими боюнча туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында юридикалык жактарга - Кыргыз Республикасынын резиденттерине берилет.
Кепилчилик берүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Кепилчилик берүүнүн тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын республикалык бюджетте улуттук экономиканын субъекттерине тиешелүү жылга жыйынды чыгашалардын көлөмүнүн 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө (кепилчилик берүү каражаттарын эсепке албаганда) кепилчилик берүү механизмин ишке ашыруу үчүн каражаттарды карайт.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)