52-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка формаларын жүзөгө ашырууга чыгашалар
02.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
VI БӨЛҮМ. БЮДЖЕТ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР›10-глава. Министрлер Кабинети менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда чыгаша милдеттенмелеринин бөлүнүшү
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 52-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
Курултайларды, чогулуштарды, жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка формаларын жүзөгө ашырууга кетүүчү чыгашалар жергиликтүү жааматтардын уставдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.