51-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VI БӨЛҮМ. БЮДЖЕТ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР›10-глава. Министрлер Кабинети менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда чыгаша милдеттенмелеринин бөлүнүшү

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

1. Жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй иш-чараларга чыгашалар жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүсүнө;

2) билим берүү, саламаттык сактоо, эс алуу, маданият, социалдык коргоо мекемелерин, турак жай жана коммуналдык чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, коргоо объекттерин күтүүгө, аксакалдар сотторунун ишин камсыз кылууга, муниципалдык ишканаларды субсидиялоого жана бюджеттик насыялоого;

3) бюджеттик ссудаларды берүү жана тындыруу, капиталдык салымдар түрүндө инвестициялар бюджетин ишке ашыруу жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттар, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу менен байланышкан бардык операцияларды кошуп алганда, жергиликтүү бюджеттен каржылоого жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган иш-чараларга.

4) өз аймагында аймактык коргонуу жана жарандык коргоо иш-чараларын камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүүгө.

5) муниципалдык ишканаларга бюджеттик насыяларды жана субсидияларды берүүгө.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринин эсебинен аткарылат.

(КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)