43-3-берене. Турукташтыруу фондун пайдалануу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
V1 БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРУКТАШТЫРУУ ФОНДУН ТҮЗҮҮ, ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА БАШКАРУУ›71-глава. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 43-3-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
1. Турукташтыруу фондунун каражаттары төмөнкүлөргө чыгымдалат:
1) мамлекеттик социалдык-экономикалык программаларды ишке ашырууга;
2) негизги фонддорду түзүүгө, көбөйтүүгө, жаңылоого, модернизациялоого;
3) экономика тармактарын өнүктүрүүгө;
4) Президент тарабынан аныкталуучу башка иш-чараларга.
2. Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби Президент тарабынан аныкталат.
3. Турукташтыруу фондунун каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат жыл сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)