43-2-берене. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

V1 БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРУКТАШТЫРУУ ФОНДУН ТҮЗҮҮ, ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА БАШКАРУУ›71-глава. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 43-2-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

1. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) стратегиялык объекттерди менчиктештирүү;

2) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына участокторун сатуу;

3) Турукташтыруу фондун башкаруудан түшкөн инвестициялык кирешелер;

4) Президент тарабынан аныкталуучу башка каражаттар.

11. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарына ылайык алынган каражаттар андан ары Турукташтыруу фондуна которуу үчүн республикалык бюджеттин ресурстарында жана чыгашаларында эсепке алынат.

Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган каражаттар ага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетине кийин жазуу жүзүндө кабарлоо менен Турукташтыруу фондуна которулат.

2. Турукташтыруу фондун башкаруудан инвестициялык кирешелер түздөн-түз анын эсептерине түшөт.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)