4-берене. Бюджеттик мыйзамдардын колдонулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›1-глава. Негизги түшүнүктөр жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин укуктук негиздери

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

1. Мамлекеттик каржылар чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат жана бюджеттик процесстин бардык катышуучуларына жайылтылат.

2. (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Азыркы чыгашалык милдеттенмелерин аткаруу үчүн жаңы чыгашалык милдеттенмелерди кабыл алууга же бюджеттик чыгашаларды көбөйтүүгө бюджеттик ассигнованиелерди бөлүп берүү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга тиешелүү бюджеттик чыгашаларды киргизген шартта кезектеги каржылык жылдын башынан тартып же болбосо бюджетке кошумча түшүүлөрдүн тиешелүү булактары болгондо жана (же) бюджеттик чыгашаларды бюджетти чыгашалоонун өзүнчө беренелери боюнча кыскартканда бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин учурдагы каржылык жылда гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)