3-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›1-глава. Негизги түшүнүктөр жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 3-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Кодекстен жана ага ылайык кабыл алынган бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылардан, бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга төмөнкүлөр кирет:
- республикалык бюджет жөнүндө мыйзам;
- Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндө мыйзамдар;
- жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү бюджеттер жөнүндө ченемдик укуктук актылары.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген учурда, бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салууда ушул Кодекстин ченемдери артыкчылыктуу болуп саналат.
3. Эгерде эл аралык келишимдерде ушул Кодексте каралбаган башка жоболор белгиленгенсе, анда Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.