Военкомата справка алуу керек

№114716 | 29.10.2024 | Просмотров: 231

Асалому алейкум мен паспорту пропискага койдурайын дегем военный справка керек екен или военный билет мен такыр алган емесмин жашым 43 то кандай кылып алсам болот паспортун монету декабрьда бутот

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
30.10.2024 17:43

Саламатсызбы, 2009-жылдын 9-февралы № 43 Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (акыркы 2023-жылдын 14-июлундагы № 137 Мыйзамдын редакциясына ылайык). 21-берене. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу   1. Жыйырма эки жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар аларга карата алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү, прокурор же болбосо сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качкандыгы үчүн жорук жөнүндө иши боюнча чечим кабыл алынган учурда мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу. 2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджеттин кирешесине 500 эсептик көрсөткүч суммасында акчалай салым төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 3. Акчалай салым аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт. (Абзац КР 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант берет.… Подробнее »

Юрист
30.10.2024 17:43

34-берене. Аскердик кызматка чакыруудан бошотуу 1. Аскердик кызматка чакыруудан төмөнкү жарандар бошотулат: тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында катардагы эмес кызматка жарактуу деп табылган; аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган; соттуулугу барлар соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан; Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин, башка мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызматты өткөн; жыйырма беш жаш куракка чыккандар, эгерде алар жыйырма беш жашка толгонго чейин райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен аларга мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же андан бошотуу берилген болсо. 2. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруудан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 3. Ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандар каттоодон чыгаруу менен, мобилизациялоо боюнча жана согуш убагында аскердик кызматка чакыруудан бошотулат. 4. Он сегиз жаш куракка чыккан жана андан улуу, дене түзүлүшүнүн чектелгендигине ылайык белгиленген тартипте чакыруу комиссияларын өтпөгөн жарандар I, II жана III топтогу майыптыкты белгилөө жөнүндө медициналык-социалдык… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!