2 ответов
Участник
08.07.2026 02:14

Саламатсызбы.

Эгер Орусиядан алып келген унаанын СТС (свидетельство о регистрации транспортного средства) жоголуп кетсе, анда аны жок документ менен каттоого коюу мүмкүн эмес.

Эгер СТС жоголсо, алгач аны калыбына келтирүү же анын ордуна тиешелүү документ алуу зарыл. Эгер унаа Кыргызстанга транзит менен киргизилген болсо, каттоо учурунда жоголгон документтердин ордуна бажы органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдүн негизинде каттоо жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги каттоо эрежелеринде каралган.

Ошондуктан сизге:

— кайсы документтер колуңузда калганын (ПТС, сатып алуу келишими, бажы документтери ж.б.);
— СТС кайсы учурда жана кайсы өлкөдө жоголгонун

тактап, ГАРТСВСтин аймактык бөлүмүнө кайрылуу сунушталат. Ар бир жагдайга жараша кандай документтер талап кылынары аныкталат.

Участник
08.07.2026 12:36

Саламатсызбы!
Эгер Россиядан унаа алып келип, транзит менен айдап келген болсоңуз, бирок СТС (Свидетельство о регистрации транспортного средства) жоголуп кетсе, анда абалды тактоо керек.

1. Эгер СТС жоголсо, бирок ПТС (паспорт транспортного средства) бар болсо.
Бул эң жакшы жагдай.
Сиз төмөнкү документтер менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбормекемесине кайрылып, мыйзамдаштыруу процессин баштасаңыз болот:

  • Кыргыз Республикасынын паспорту;
  • ПТС (эгер бар болсо);
  • сатып алуу келишими (договор купли-продажи) же башка сатып алууну ырастаган документ;
  • бажы документтери (эгер болсо);
  • СТС жоголгондугу тууралуу түшүндүрмө.

Айрым учурларда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

2. Эгер СТС дагы, ПТС дагы жок болсо.
Бул учурда иш татаалыраак.
Адатта төмөнкүлөрдүн бири талап кылынат:

  • Россиядан СТСнын дубликатын алуу;
  • же транспорт каражатынын каттоодо тургандыгы жөнүндө расмий маалымкат;
  • же башка документтер аркылуу менчик укугун ырастоо.

3. Азыр Кыргызстанда легалдаштыруу жүрүп жатат.
Эгер сиздин унааңыз ушул легалдаштыруу программасына туура келсе, анда 2026-жылдын 1-сентябрына чейин документтериңизди бүтүрүп, каттоодон өткөрүүгө аракет кылыңыз. Андан кийин мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү токтойт.

4. Толук жооп берүү үчүн төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:

  1. Унаа Россиянын кайсы аймагынан алынган?
  2. ПТС барбы?
  3. СТС гана жоголдубу?
  4. Унаа азыр Россиянын номери менен жүрөбү?
  5. Россияда каттоодон чыгарылганбы же дагы деле мурунку ээсинин атына катталганбы?
  6. Сатып алуу келишими (ДКП) колуңузда барбы?
  7. Кыргызстанга качан алып келгенсиз?

Көпчүлүк учурларда СТС жоголгону өзүнчө мыйзамдаштырууга тоскоолдук болбойт, бирок аны кайсы документтер менен алмаштырууга болору сиздин документтердин топтомуна жараша аныкталат.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1, №157
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbek@azimbaev.pro
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв