Автомобилди оз атыма откору
№121147 | 03.09.2026 | Просмотров: 81
Ассаламу алейкум
мен машина сатып алдым Аны озумо откоройун десем ээси Каза болуп калыптыр анын кызы бар экен ал мага доверенность бере алабы .
Ээсин отконуно коп болуптур Аны не кылсам болот?
Ваалейкум ассалам.
Кыскача айтканда, маркумдун кызы атасынын атынан сизге ишеним кат бере албайт. Унаанын ээсинин каза болушу менен мурда берилген ишеним каттын күчү да токтойт (КР Жарандык кодексинин 206-беренеси).
Бул жерде төмөнкүдөй аракет кылуу керек:
1.Маркумдун мураскерлери нотариуска кайрылып, автоунааны мураска киргизиши керек. Кызы жалгыз мураскер болбошу мүмкүн: биринчи кезектеги мураскерлерге маркумдун балдары, жубайы жана ата-энеси кирет.
2.Эгер каза болгонуна алты айдан ашып кетсе жана мурас өз убагында кабыл алынбаса, мөөнөттү:
3.Мураска укук жөнүндө күбөлүк алынгандан кийин автоунаа мураскердин атына катталат. Андан соң мураскер сиз менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, автоунааны сиздин атыңызга өткөрүп берет. Эгер мураскерлер бир нече болсо, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
Эгер автоунааны маркум өзү тирүү кезинде сизге сатып, жазуу жүзүндөгү келишим, тил кат, акча төлөгөнүңүздү жана автоунааны кабыл алганыңызды ырастаган документтер бар болсо, аларды алып «Унаа» мекемесине кайрылыңыз. Каттоодон баш тартылса, жазуу жүзүндөгү баш тартууну алып, сот аркылуу менчик укугун таануу маселесин кароого болот.
Ал эми сатып алуу оозеки гана жүргүзүлүп, эч кандай документ жок болсо, автоунааны мурас аркылуу мыйзамдаштырмайынча өзүңүздүн атыңызга өткөрүү мүмкүн эмес. Артка даталанган келишим же ишеним кат түзүүгө болбойт.
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.