Туралы у А

Саламатсызбы

менин м банк картадан 25 миң сом акчам чечип Алышты кивор код менен мен кивор код эч кимге берген эмесмин м бака барсам сатко арыз калтырыз деп койду кайак кайрылсам болот

2 ответов
Участник
25.09.2026 14:46

Саламатсызб! Сотко дароо кайрылуунун кереги жок. Эгер 25 000 сомду сиз өзүңүз которбогон/чечпеген болсоңуз жана QR-кодду эч кимге бербесеңиз, бул операцияны уруксатсыз (несанкцияланган) операция катары талашуу керек.
Азыр төмөнкү иштерди жасаңыз:

  1. МБанкка жазуу жүзүндө арыз бериңиз. «25 000 сомдук операцияны мен жасаган эмесмин, QR-кодду жана ырастоочу коддорду эч кимге берген эмесмин. Операцияны талашам» деп жазыңыз. Банктан операция боюнча толук маалыматты, анын ичинде күнү, убактысы, кайсы түзмөктөн/канал аркылуу жасалганы, алуучунун реквизиттери жана процессинг борборунун маалыматтарын берүүнү талап кылыңыз. Улуттук банктын эрежелерине ылайык, талаштуу операция боюнча банк кардардын талабы менен транзакциянын мыйзамдуулугун ырастоочу толук маалыматты берүүгө тийиш. 
  2. Арыздын банк кабыл алган мөөрү/номери коюлган көчүрмөсүн өзүңүздө калтырыңыз. Улуттук банк да кардар өзү жасабаган операция аныкталганда банкка жазуу жүзүндө кайрылып, операцияга макул эместиги жөнүндө арыз берүүнү сунуштайт. 
  3. Милицияга дагы арыз бериңиз. Бул жерде белгисиз адам тарабынан акча каражатын мыйзамсыз алуу белгилери болушу мүмкүн. Арызга МБанктын выпискасын, операциянын скриншотун жана банкка берген арызыңыздын көчүрмөсүн тиркеңиз. Улуттук банк мындай учурда банкка гана эмес, укук коргоо органдарына да тез арада кайрылууну сунуштайт. 
  4. Эгер МБанк «биз карабайбыз, сотко барыңыз» деп жазуу жүзүндө баш тартса, ошол жооп менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына даттансаңыз болот. Улуттук банктын Финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү мындай кайрылууларды карайт: 0312 66-90-15, кошумча 1671 же 1666. 
Участник
25.09.2026 14:47

Маанилүү жагдай: «QR-код колдонулган экен, демек өзүңүз күнөөлүүсүз» деген сөз өзүнөн өзү жетиштүү далил эмес. Сиз QR-кодду/ырастоочу кодду эч кимге бербегениңизди көрсөтүп жатсаңыз, банк операция кандайча авторизацияланганын техникалык маалыматтар менен негиздеп бериши керек.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв