Товарды сатуучуга кайтаруу

Дордойдон юпка онлайн заказ кылгам, качествосу начар, 100% синтетика, юпканын акчасын жана регионго чейинки доставканын акчасын мен тологом, эми мен возврат кылам десем, Дордойго чейинки акчасын толоп саласынар болбосо юпканын акчасынан кармап калабыз дейт.

Ушундай баер жана базардагыларды ким көзөмөл кылат?

Ар ким өзү каалаган мыйзамды чыгарып алып, алмаштыруу жана кайтаруу (обмен и возврат) жок деп жазып алышкан.

Общественный жерде иштегенден кийин баары Бир мыйзам менен иштеши керекби?

Тактап айтканда 14-күндүн ичинде товарды кайтарып берсе акчасын бериш керек туурабы?

1 ответ
Юрист
27.11.2026 15:46

Саламатсызбы!
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамы базарда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө жана интернет аркылуу товар саткан ишкерлерге бирдей колдонулат.
Сатуучулардын «товар кайтарылбайт жана алмаштырылбайт» деген жазуулары мыйзамда каралган керектөөчүлөрдүн укуктарын чектей албайт.

1. Онлайн сатып алынган товарды кайтаруу.

Аталган Мыйзамдын 24-1-беренесинин 3-пунктуна ылайык:

  • Интернет аркылуу сатып алынган товарды алган күндөн тартып 14 күндүн ичинде кайтарууга укуктуусуз.
  • Эгерде товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөтү жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат берилбесе, товарды үч айдын ичинде кайтарууга укуктуусуз.
  • Товардын баштапкы көрүнүшү жана керектөө касиеттери сакталууга тийиш.
  • Сатуучу акчаңызды талап койгон күндөн тартып 21 күндөн кечиктирбестен же кайтарылган товарды алган күндөн тартып 14 күндөн кечиктирбестен кайтарып берүүгө милдеттүү.

2. Жеткирүү акысын ким төлөйт?

Мыйзамдын 24-1-беренесинде интернет аркылуу сатып алынган товарды кайтарууга байланыштуу чыгымдарды сатуучу көтөрүүгө милдеттүү экендиги түздөн-түз белгиленген.
Демек, сатуучунун юбканы кайра жөнөтүү акысын сизден талап кылуусу же товардын баасынан кармап калуусу мыйзамсыз.

3. «Алмаштыруу жана кайтаруу жок» деген жазуу мыйзамдуубу?

Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, керектөөчүнүн укуктарын чектеген жана мыйзамга каршы келген келишимдин шарттары жараксыз деп эсептелет.

4. Кайсы органга кайрылуу керек?

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына арыз менен кайрылсаңыз болот.
Расмий сайты: antimonopolia.gov.kg.
Арызга сатуучу менен жазышкан билдирүүлөрдү, төлөмдүн квитанцияларын, товардын сүрөттөрүн жана жарнамасын тиркеңиз. Зарыл болсо, сотко да кайрылууга укуктуусуз.
Эскерте кетүүчү жагдай: кездеменин 100% синтетика болушу өзүнөн өзү сапатсыздыкты билдирбейт. Бирок сатуучу кездеменин курамы жөнүндө туура эмес маалымат берген болсо, бул дагы керектөөчүнүн укугун бузуу болуп саналат.

Жыйынтык: сиз товарды мыйзамда белгиленген шарттарда кайтарып, акчаңызды толугу менен талап кылууга укуктуусуз. Товарды кайра жөнөтүү чыгымын сатуучу төлөөгө милдеттүү.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв