Суроого жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык
№117084 | 11.07.2025 | Просмотров: 269
Саламатсызбы,
менин балам кыргыз жана түрк жараны, мен кыргыз жарандыгым эле бар.
Биз 02.11.2024 жылы Түркиядан кирип келген биз, андан кийин виза албадык, шартым болбоду.
Эми августта кайра Түркияга чыгат элек, бирок чыгуу үчүн айып пул төлөш керек деп уктум.
Эки өлкөнүн жараны болсо дагы толош керекпи?
Саламатсызбы,
Ооба, балаңыз кыргыз жана түрк жараны болсо да, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча ал Кыргызстандын жараны катары эсептелет жана өлкөгө кирип-чыгууда чет элдик жаран катары каралбайт, бирок өз убагында чет элдик жарандык жөнүндө билдирүү же каттоо ишке ашырылбаса, мамлекеттик органдар визалык режим боюнча чараларды көрүшү мүмкүн, айрыкча эгер чек арадан Түркия жараны катары кирген болсо.
Эмне себептен айып пул салынышы мүмкүн:
Бирок сиздин балаңыз Кыргыз Республикасынын жараны болсо:
Кыргыз жарандарына чек арадан кирүү-чыгуу үчүн виза талап кылынбайт жана мөөнөт чектелбейт, демек, эгер бала Кыргыз паспорту менен кирген болсо, айып пул болбошу керек.
Эмне кылуу керек:
1.Чек арадан кайсы паспорт менен киргенин тактаңыз:
2.Чек ара кызматынан маалымат тактаңыз:
3.Эгер айып пул чыгарыла турган болсо, ал Чек ара кызматынын базасында катталат жана райондук ички иштер уюмдарынын 10-болумунун укук бузуу учун айып пул токтому менен толонот банк аркылуу.
Кеңеш:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ
2021-жылдын 28-октябры № 128 (акыркы 2025-жылдын 11-июнундагы № 116 мыйзамынын редакцияларына ылайык)
430-берене. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабып алган адамдардын алардын жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу
1. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдын аларды каттоонун жана жашап туруу, жүрүү, жашаган жерин өзгөртүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүү укугуна документтерди тариздөөнүн белгиленген тартибин бир айга чейинки мөөнөттө бузуусу, —
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга;
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган ошол эле жосун төмөнкү мөөнөттө жасалса:
бир айдан үч айга чейин, —
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга;
үч айдан алты айга чейин, —
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга;
алты айдан бир жылга чейин, —
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга;
бир жылдан ашканда, —
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнүн жана жүрүүнүн анык жүйөлөрүнө ылайык келбеген максаттарда чакыруу, жосунда кылмыштын белгилери болбогон учурда, —
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
Бишкек ш., 720005, Болот Юнусалиев көч., 80, OloloPlanet
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл. почта: muratbek@azimbaev.pro
httрs://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
Twitter: @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Ушул билдирүүнүн оң жогорку бурчунда кызыл түс менен белгиленген “Дисклеймер” гипершилтемесин басып, таанышып чыгыңыз.