Мен 2024 жыл авто мектепти аяктагам бирок себептер болуп эгзаменге бирда жолу бара алгам эмисмин мен эмне кылышым керек

Мен 2024 жыл авто мектепти аяктагам бирок себептер болуп эгзаменге бирда жолу бара алгам эмисмин мен эмне кылышым керек

1 ответ
Участник
30.08.2026 15:36

Саламатсызбы!
Сиз 2024-жылы автомектепти бүтүрүп, алты айдын ичинде экзаменге бир да жолу барбагандыктан, автомектепти кайрадан окуп өтүшүңүз керек.
Себеби, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтому менен бекитилген Эрежелердин 6-пунктуна ылайык:

  • автомектепти бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк 6 айга жарактуу;
  • ушул мөөнөттө экзаменге келбеген адам кайрадан окуу курсун өтүп, жаңы күбөлүк алышы керек. Эрежелердин расмий тексти⁠.

Сизге төмөнкүдөй аракет кылуу сунушталат:

  1. Лицензиясы бар автомектепке кайрылып, кайра окуу курсун өтүү;
  2. Жаңы үлгүдөгү күбөлүк алуу;
  3. Медициналык кароодон өтүү — маалымкат берилген күндөн тартып 12 айдан ашпашы керек;
  4. ПИН, паспорт, медициналык маалымкат, автомектептин күбөлүгү жана төлөм квитанциялары менен Мамлекеттик борбордун бөлүмүнө кайрылуу;
  5. Алгач теориялык, андан кийин практикалык экзамен тапшыруу.

Катталган жериңизге карабастан, экзаменди тиешелүү мамлекеттик борбордун каалаган аймактык бөлүмүндө тапшыра аласыз. Бул үчүн айып пул каралган эмес, бирок кайрадан окуу талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна кайрылып так маалысатты алсанвз болот: 0995-005-005 Ишеним телефонуБорбордук башкаруу
Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 2а.
Кайтарым байланышы:office@tsvs.gov.kg

Канцелярия: +996(312)-63-17-27

Айдоочулук курамды каттоо бөлүмү
+996(312)-63-20-08 
+996(312)-63-28-33

Транспорттук курамды каттоо бөлүмү
+996(312)-63-17-37 
+996(312)-63-17-14

Автомектептер боюнча маалымат
+996 555 793 555 

+996 555 146 555

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794+996 776 987794+996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв