Права алуу боюнча

№122076 | 24.11.2026 | Просмотров: 3

Мен автомектепти 1 жыл мурун ийгиликтуу аяктаганмын. Андан кийин сынакка кирип теориялык сынактыда ийгиликтуу тапшырдым жана В категориясына да практикалык сынакты ийгиликтуу тапшырдым. Бирок С категориясынан ото албадым,азыр окуудан улам такыр убактым жок болуп жатат ошол учун с категориясын албай эле в категориясындагы айдоочулук куболукту алайын десем эч ынабай жатышат болбойт деп. Эмнеге болбойт? Менин тандоо укугум барда, алар бузуп жатышат аны, жаны токтом чыккан деп бербей жатышат бирок ал токтому логикалык жактан ката жана эч туура келбеген токтом, кандай кылып алсам болот? Мага азыр в категориясы аябай керек болуп жатты эле.

1 ответ
Юрист
24.11.2026 19:30

Саламатсызбы!
Сиздин жагдайыңызда «В» категориясы боюнча теориялык жана практикалык сынактарды ийгиликтүү тапшырганыңызга карабастан, «С» категориясынан өтпөгөндүгүңүз үчүн айдоочулук күбөлүк берүүдөн баш тартуунун укуктук негизин тактоо зарыл.
«В» жана «С» категориялары транспорт каражаттарын башкаруунун өзүнчө категориялары болуп саналат. Бирок эки категория боюнча бирдиктүү окуудан өткөн учурда айдоочулук күбөлүктү берүү тартибинде атайын талаптар каралышы мүмкүн.
Кызматкерлердин «жаңы токтом чыкты» деген оозеки жообу жетиштүү эмес. Алар кайсы токтомдун кайсы пунктунун негизинде баш тартып жатканын көрсөтүүгө тийиш.

1. Мыйзамда эмне каралган?Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтому менен бекитилген квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринин 2026-жылдын 19-майындагы №352 токтомдун редакциясына ылайык:

  • 4-пункт: «В» категориясы боюнча айдоочулук укук 17 жаштан, ал эми «С» категориясы боюнча 18 жаштан берилет.
  • 9-пункт: «В» жана «С» категориялары боюнча автомектепти аяктаган адамдарга тиешелүү сынактарды тапшырган шартта «В» категориясындагы күбөлүктү өзүнчө берүүгө жол берилет. Бул пунктта 17 жашка толгон адамдардын жагдайы атайын каралган.
  • 17-пункт: теориялык сынактын оң жыйынтыгы алты ай бою жарактуу.
  • 23–24-пункттар: сынактардын жыйынтыктары протокол менен таризделет жана сакталат.
  • 32-пункт: тиешелүү документтер жана сынактардын оң жыйынтыктары болгон учурда талапкер айдоочулук күбөлүк алууга укуктуу.

2. Сиз эмне кылышыңыз керек?

  1. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун жетекчисине жазуу жүзүндө арыз бериңиз.
  2. «В» категориясы боюнча тапшырган сынактарыңыздын жыйынтыктарын тастыктаган документтерди талап кылыңыз.
  3. «С» категориясын азырынча алуудан баш тартып, «В» категориясындагы күбөлүктү өзүнчө берүүнү сураныңыз.
  4. Баш тарткан учурда анын укуктук негиздери көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү чечимди талап кылыңыз.
  5. Ал чечимге жогору турган органга административдик даттануу менен, андан кийин административдик сотко кайрылсаңыз болот.

3. Арыздын үлгүсү
АРЫЗ
Мен автомектепте «В» жана «С» категориялары боюнча окууну ийгиликтүү аяктап, теориялык сынакты жана «В» категориясы боюнча практикалык сынакты ийгиликтүү тапшырганмын.
Учурда «С» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү алууга муктаждыгым жок.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтому менен бекитилген Эрежелердин 4, 9 жана 32-пункттарын эске алуу менен төмөнкүлөрдү суранам:

  1. «В» категориясы боюнча тапшырган сынактарымдын жыйынтыктарын эске алуу менен тиешелүү айдоочулук күбөлүктү берүүнү;
  2. Зарыл болгон учурда электрондук маалыматтык системадагы менин арызымдын категориясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону;
  3. Арызымды канааттандыруудан баш тартылган учурда ченемдик укуктук актынын конкреттүү пункттарын көрсөтүү менен жүйөлүү жазуу жүзүндөгү чечим берүүнү.

Күнү: __________
Колу: __________

Менин укуктук баамым боюнча, сизге «В» категориясын өзүнчө берүүдөн баш тартуу талаштуу жана даттанууга негиз бар. Каралган эрежелерден сиздин жагдайыңызга карата түздөн-түз тыюу салган норманы көргөн жокмун.
Бирок сиздин жашыңыз, сынактарды тапшырган так күнүңүз жана баш тартууга негиз болгон документ белгисиз болгондуктан, баш тартууну биротоло мыйзамсыз деп айтууга азырынча эрте. Өзгөчө теориялык сынактын алты айлык жарактуулук мөөнөтүн эске алуу зарыл.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв