Кыз турмушка чыкты фамилиясын озгортсо
№121549 | 03.11.2026 | Просмотров: 54
Кыз турмуш курганга чейин унаасы бар болгон.
Турмушка чыгып куйоосунун атына откон фамилиясын озгорткон.
Унаасын кантип сата алат фамилия башка болсо тех паспорто башка
Оформления болобу тундуктон
Саламатсызбы!
Ооба, кызыңыз турмушка чыгып, күйөөсүнүн фамилиясына өткөн болсо да, мурда өзүнө катталган унаасын сатууга толук укуктуу.
Фамилиясынын өзгөрүшү унаага болгон менчик укугун жокко чыгарбайт.
Унааны сатуу үчүн төмөнкү документтер керек болот:
Эгер унаа никеге чейин сатып алынган болсо, эреже катары, ал кызыңыздын жеке менчиги болуп эсептелет жана сатуу үчүн күйөөсүнүн макулдугу талап кылынбайт.
«Түндүк» аркылуу каттоо: Электрондук кайра каттоо кызматы жеткиликтүү болсо, колдонуп көрүүгө болот. Бирок паспорттогу жана техпаспорттогу фамилиялар дал келбегендиктен, система арызды кабыл албашы мүмкүн.
Мындай учурда тиешелүү каттоо органына кайрылып, нике күбөлүгүнүн негизинде фамилиясынын өзгөргөнүн тастыктап, унааны кайра каттоо маселесин чечүү зарыл.
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев, юрист.
Мыйзамдык негиз: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтому менен бекитилген Эрежелердин 48 жана 54-пункттарына ылайык, фамилия өзгөргөндө унаанын каттоо маалыматтарына өзгөртүү киргизилет. Негизги тастыктоочу документтердин бири — нике күбөлүгү.
«Түндүк» аркылуу онлайн кайра каттоо кызматы бар, бирок унаанын визуалдык кароосу тууралуу маалымат реестрде болушу зарыл.
Тундүк
«Түндүк» — унааны онлайн кайра каттоо
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.