1 ответ
Участник
18.10.2026 09:58

Саламатсызбы!
Ооба, тонировкага берилген уруксатты башка адамга өткөрүп берүүгө болот, бирок белгилүү шарттар менен.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтому менен бекитилген тартипке ылайык:

  • Эгерде унааңызды башка адамга сатсаңыз, тонировкага болгон уруксатты да жаңы ээсине өткөрүп бере аласыз.
  • Эгерде унааңызды өзүңүздө калтырсаңыз, уруксатты башка адамга өзүнчө сатып, анын унаасына өткөрүп берүү каралган эмес.
  • Эгерде өзүңүздүн башка унааңыз болсо, уруксатты ошол унаага кайра каттатууга мүмкүнчүлүк бар.
  • Уруксат кайра катталганда анын мурдагы колдонуу мөөнөтү сакталат.

Бул №760 токтом менен бекитилген «Унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо жана жыйым төлөө тартибинин» 14-пунктунда каралган.

Жыйынтык: Унааны сатпай туруп, тонировканын уруксат кагазын башка адамга өзүнчө сатууга болбойт. Бирок унаа менен кошо жаңы ээсине өткөрүп берүүгө болот.
Уруксатты кайра каттатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборкайрылууну сунуштайм.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв