B жана C категориялары боюнча окуган бүтүрүүчүлөргө B категориясын өзүнчө алууга уруксат берилеби?
№121723 | 10.11.2026 | Просмотров: 1
Саламатсыздарбы!
Мен Нарын шаарында B жана C категориялары боюнча чогуу окугам. Теориялык экзаменди эки категория боюнча тең тапшыргам. Азыр 19 жаштамын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтомунун 9-пунктуна ылайык, B жана C категориялары боюнча окуган бүтүрүүчүлөргө B категориясын өзүнчө алууга уруксат берилеби?
Мен биринчи B категориясы боюнча практикалык экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүк алгым келет. Бул мыйзамдуу түрдө мүмкүнбү?
Алмазбек
Саламатсызбы, Алмазбек!
Ооба, Сиз «В» категориясы боюнча практикалык экзаменди өзүнчө тапшырып, айдоочулук күбөлүк алууга укуктуусуз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтому менен бекитилген «Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринин» 9-пунктуна ылайык, «В» жана «С» категориялары боюнча чогуу окуган бүтүрүүчүлөргө квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган учурда 17 жаштан баштап «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк берүүгө жол берилет.
Демек, Сиз 19 жашта болгондуктан жана теориялык экзамендерди тапшырганыңызды эске алганда, «В» категориясы боюнча практикалык экзаменди тапшырып, тиешелүү айдоочулук күбөлүктү алсаңыз болот. Ал үчүн «С» категориясы боюнча практикалык экзаменди сөзсүз түрдө бир убакта тапшыруу талабы 9-пунктта каралган эмес.
«С» категориясын кийинчерээк, белгиленген талаптарды аткарып, тиешелүү практикалык экзаменди тапшыргандан кийин ачтыра аласыз.
Эгер каттоо-экзамендик бөлүмү «В» категориясы боюнча өзүнчө экзамен тапшырууга уруксат бербесе, баш тартуунун укуктук негизин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жооп берүүнү талап кылууга укуктуусуз.
Укуктук негиз: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы №760 токтому, 5-тиркеме, 9-пункт (2026-жылдын 19-майындагы №352 токтомунун редакциясында).
С уважением,
Муратбек Азимбаев
Бишкек, 720060, улица Арстанбека Дуйшеева 8/1
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro
httрs://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X: @MuratbekAz
ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер»