Жолок пул 16 жашкачейинки

Жолок пул кантип алам10 жаш 9 жаш 8 жаш 2 жаш 3 айлык баланын апасимин биз уйбулодо 16 Адам биз уй алишимиз керек даже чек ололмадик 5 баламга береке пул олмас боладими

1 жооп
юрист
24.11.2026 14: 19

Саламатсызбы!
Сиз беш баланын энеси катары мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн кайрылууга укуктуусуз.
Сиздин учурда төмөнкү жөлөкпулдарды алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек:

1. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу. Бул жөлөкпул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына дайындалат. Үй-бүлөнүн кирешеси жана мүлктүк абалы эске алынат. Сиздин беш балаңыз тең жаш курагы боюнча талапка туура келет.
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө туура келген айлык киреше 1500 сомдон аз болушу керек. Башка талаптарга да жооп берсеңиз, беш балаңызга айына 6000 сом ала аласыз.

2. «Бала ырысы» жөлөкпулу. 2026-жылдын 1-июлунан тартып үч жашка чейинки балдарга үй-бүлөнүн кирешесине карабастан айына 1200 сомдон берилет. Эки кичинекей балаңызга айына жалпы 2400 сом алууга укугуңуз бар.

3. «Бала Береке» бир жолку төлөмү. Бешинчи балаңыз үчүн 600 000 сом алууга мүмкүнчүлүк бар, эгерде сиз:

  • бийик тоолуу же алыскы, жетүүгө кыйын аймакта туруктуу жашасаңыз;
  • бешинчи балаңыз 2026-жылдын 1-январынан кийин төрөлсө;
  • балаңыз бир жашка толсо.

Бул төлөм 2027-жылдан тартып берилет.

Кайда кайрылуу керек?
Жашаган жериңиз боюнча райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына паспортуңуз, балдарыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана үй-бүлөнүн кирешеси жөнүндө маалыматтар менен кайрылыңыз.
Өзүңүздүн үйүңүздүн же жер тилкеңиздин жоктугу жөлөкпул алууга тоскоолдук кылбайт.
Тактап коюңузчу, кайсы облуста, райондо жана айылда жашайсыз? Ошого жараша «Бала Береке» төлөмүн алууга укугуңуз бар же жок экенин аныктай алабыз.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Жоопторду (жакты/жакты) сол жактагы белгини басуу менен баалаңыз!
Юристтердин жооптору пайдалуу болдубу? Өтүнөмүн, өз пикириңизди калтырыңыз