Пайдасы жолок пул кандай документтер керек, кайда откор?
Менин 4 балам бар - улуусу 11, 9, 5, кичүүсү 2айлык балдарыма
Жолок пул ала аламбы алсам, кандай документтер керек кайда откором?
Саламатсынарбы,
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул
«Уй-булого комок» дайындоо учун кайсы документтер керек
- паспорт;
- факт турундо жашаган жеринен уй-було курама тууралуу маалымкат;
- балдардын төрөгөндүгү тууралу күбөлүк;
- үй-бүлѳнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
- банктык маалыматтар.
Керек болгон учурда кошумча берилет:
- ишсиз эмгекке жондомдуу уй-було мїчєлєрї їчїн иш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкаттар;
- жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүүменен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
- кичинекей чарбасынын туружана саны тууралуу маалымкат;
- статусту кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документер
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
Twitter: @MuratbekAz
Өтө маанилүү! Кызыл түс менен белгиленген гипершилтемени чыкылдатуу менен, жогорку оң бурчтагы Жоопкерчиликтен баш тартууну караңыз.