"Түндүк" аркылуу "Кыргызтест" электрондук сертификаттары боюнча долбоор талкууга коюлду

24.11.2026

Министрлер Кабинетинин "Кыргыстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомунун долбоору ("Кыргытест" системасы жөнүндө) 2026-жылдын 24-ноябрынан 9-декабрына чейин коомдук талкууга коюлду.

Эгерде долбоор кабыл алынса, "Түндүк" форматындагы электрондук сертификат негизги формат болуп калат, ал эми кагаз түрүндөгү сертификат суроо-талап боюнча жана бул арызга тиешеси жок чет элдиктерге берилет.

Негизги өзгөрүүлөр:

  1. "Кыргызтест" системасы жөнүндө жобонун 13-пунктун төмөнкүдөй түзүү сунушталууда: мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат электрондук түрдө "Түндүк" тиркемеси аркылуу берилет.
  2. Кагаз түрүндөгү сертификат тесттен өткөн жарандардын, ошондой эле Кыргызстандын жараны эмес адамдардын жеке арызы боюнча берилиши мүмкүн.
  3. Кагаз түрүндөгү сертификат жана тесттин жыйынтыктары жөнүндө отчет "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси тарабынан берилет.
  4. Азыркы Жободо жыйынтыктарды кагаз түрүндө гана берүү каралган; сертификаттар 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап "Түндүк" аркылуу электрондук түрдө берилет жана кагаз түрүндө берүү токтотулган.

Кененирээк шилтемеде

жазылуу
Fr
0 түшүндүрмө