Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ›6-глава. Аткаруу өндүрүшүндөгү мөөнөттөр

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

Мүлктү сатуу менен байланышкан аткаруу документтерин аткаруу алты айдан ашпаган мөөнөттө, укук бузуулар жөнүндө токтомдор токтомдун колдонулуу мөөнөтүндө аткарылууга тийиш, ал эми калган учурларда - сот аткаруучу аткаруу документин алган күндөн тартып төрт айдан ашпаган мөөнөттө бүтүрүлүүгө тийиш.

Ушул беренеде белгиленген мөөнөттөр, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мезгилдүү өндүрүп алуулар жөнүндө аткаруу документтерин аткарууда колдонулбайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)