39-берене. Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүүнүн өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ›6-глава. Аткаруу өндүрүшүндөгү мөөнөттөр
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.
1. Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберген өндүрүп алуучу сот актысын кабыл алган, аткаруу барагын берген же болбосо нотариалдык кеңсе жайгашкан жер боюнча сотко өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилген учурда, аталган аткаруу документтери соттун тиешелүү аткаруу документин аткаруу үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө чечими чыккан күндөн тартып үч айдын ичинде аткарууга берилет.
2. Калган аткаруу документтери боюнча өткөрүлгөн мөөнөттөр калыбына келтирилүүгө жатпайт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)