62-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

11-глава Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 62-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүктүгүн каржылоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өз шайлоо фонддорун түзөт.

2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу үгүт-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;

2) эсептик көрсөткүчтөн 1000000 эседен ашпаган саясий партиянын өз каражаттарынан;

3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашпаган жеке жактардын кайрымдуулук каражаттарынан;

4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынан.

Талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы ар бир талапкерге эсептик көрсөткүчтөн 200000 эседен ашпайт.

Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2025-жылдын 28-июлундагы № 161 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)