61-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

11-глава Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 61-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) саясий партиянын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечимин;

2) көп мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн ар бир талапкер тарабынан толтурулган, талапкер жөнүндө маалыматтарды (биографиялык жана башка маалыматтарды) камтыган атайын форманы, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалым катты, башка мамлекеттин жарандыгынын жок экендиги жөнүндө декларацияны, анын ичинде ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгынын (анын ичинде мурдагы жарандыктарынын, башка жарандыктарынын) бар же болбосо жок экендиги боюнча жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдугун;

3) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн күбөлөндүрүүчү документти.

Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү документтер саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

2. Майыптыгы бар жана буга байланыштуу өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, ушул конституциялык Мыйзамда каралган башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок адам Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн учурда ошол адам бул үчүн башка адамдын жардамын пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөтүп жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастаманы (маалымдаманы) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер берилгенден кийин дароо берилет.

4. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине ар бир талапкер үчүн шайлоо төгүмүн мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө төгөт.

5. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 40 календардык күндөн кечиктирбестен, добуш берүү күнү саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү жөнүндө арызды жана төмөнкү документтерди берет:

1) талапкер тарабынан толтурулган, талапкер жөнүндө маалыматтарды (биографиялык жана башка маалыматтарды) камтыган атайын форманы, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалым катты, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларацияны, соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгынын (ошондой эле мурдагы жарандыктарынын, башка жарандыктарынын) бар же болбосо жок экендиги боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун;

2) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн күбөлөндүрүүчү документти.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерди, саясий партиядан талапкерлерди көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин текшерет жана талапкерлерди каттайт же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Аталган текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен да жүргүзүлөт. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде бул талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болгон шайкеш эместикти тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул жөнүндө талапкерге, саясий партияга кабарлоого милдеттүү. Талапкер, саясий партия кабарлоону алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

7. Бир эле адамды бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого жол берилбейт.

8. Ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 41-бөлүгүндө каралган факты болгондо талапкерди каттоого жол берилбейт.

9. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.

10. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо үчтөн аз талапкер катталса, анда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлерди кошумча көрсөтүү жана кийинки шайлоо иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.

11. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын өкүлүнө, талапкерге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:

- талапкерди каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

- ушул конституциялык Мыйзамда каралган талапкерди көрсөтүү тартибин сактабоо;

- талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

- башка саясий партиядан талапкерди каттоо фактысынын болушу же болбосо талапкерди бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округунда каттоо фактысынын болушу;

- талапкердин, саясий партиянын өзүнүн шайлоо фондун түзбөөсү;

- шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу;

- талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы;

- эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо.

12. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим аны алган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

13. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берүү же болбосо ыйгарым укуктуу адамы аркылуу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн арызды берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

14. Саясий партия каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүү менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерди, талапкерлерди чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарууга милдеттүү.

15. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер катталгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, көрсөтүлүүчү субъекттин аталыштарын, ошондой эле талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

16. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде катталган датасын көрсөтүү менен аларга Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ырастамаларын берет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2025-жылдын 28-июлундагы № 161, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)