62-1-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

11-глава Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 62-1-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран шайлоо өнөктүктүгүн каржылоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өз шайлоо фондун түзөт.

2. Шайлоо фонду Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- эсептик көрсөткүчтөн 100000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;

- эсептик көрсөткүчтөн 10000 эседен ашпаган көрсөтүлгөн саясий партия тарабынан талапкерге бөлүнгөн каражаттардан;

- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан;

- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынан.

Талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 200000 эседен ашпайт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)