60-1-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлерди көрсөтүү тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

11-глава Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 60-1-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт.

2. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жаранынын Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз берүүсү, ошол эле учурда шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документти (түп нускасын) берүүсү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мында шайлоо төгүмү талапкер тарабынан анын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө төгүлөт.

3. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)