60-берене. Саясий партиялар тарабынан көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
11-глава Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 60-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Саясий партиялардан көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү көп мандаттуу шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт.
2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга саясий партияларды каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында шайлоо жарыяланганга чейин катталган жана (же) кайра катталган саясий партияларга жол берилет.
3. Саясий партияларды мамлекеттик каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен тизменин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарында жарыяланышын камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген банк мекемесинде шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсеп ачууга жана ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматтарын көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катыша тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүүгө тийиш. Саясий партиянын уставынын нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү кабарлоого саясий партиянын жетекчисинин колу коюлууга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасын жана берилген документтердин тизмегин алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастаманы токтоосуз берүүгө милдеттүү.
5. Саясий партия шайлоо документтеринде пайдаланылган кыскача аталышын жана эмблемасын, эгерде алардын сыпаттамасы анын уставында камтылган аталышынан жана эмблемасынан айырмаланса, Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана эмблемасы Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин аларды өзгөртүүгө шайлоо процесси аяктаганга чейин жол берилбейт.
6. Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партиянын курултайында жашыруун добуш берүү менен ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден талапкер көрсөтөт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлигин койгон көп мандаттуу шайлоо округун көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
7. Саясий партия аталган ушул партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу.
8. Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз.
9. Саясий партия көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди, талапкерлерди ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен кезексиз курултайда жашыруун добуш берүү менен кайра чакыртып алууга укуктуу.
10. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын курултайынын саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
Саясий партиянын курултайынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин тиешелүү шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
11. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү.
12. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалыматтар саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө басма (кагаз) түрүндө жана электрондук сактагычта берилет. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат тутумуна электрондук машинада окула турган түрдө киргизилүүгө тийиш.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жөнүндө маалыматтарды текшерүүдө соттолгондугу жана жогорку кесиптик билими бар (жок) экендиги жөнүндө расмий корутундуларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)