Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

11-глава Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 59-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

2. Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

3. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга таандык.

4. Шайлоо өткөрүлгөн күнгө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик тилди билген, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет.

5. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 100 календардык күндөн эрте эмес жана 90 календардык күндөн кеч эмес дайындалат. Добуш берүү күнү болуп учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембиси саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн саналат.

Добуш берүү күнү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан жумуш күнү катары эмгек акысын сактоо менен дем алыш күнү болуп эсептелет.

6. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда жана Конституцияда каралган учурларда - ал чечим кабыл алган же Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө дайындайт.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.

7. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.

8. Эгерде Президент ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындабаса, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү датасын расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.

9. Тиешелүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаты чыгып кеткен учурда депутаттык мандат тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын алган ошол эле жыныстагы шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берилет.

Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы көрсөтүлгөн адамдар жок болгон учурда мандат ошол эле тизмедеги, карама-каршы жыныстагы, ошол эле шайлоо округунда добуштардын көпчүлүк санын алган кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет.

10. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна эркектердин да, аялдардын да квотасы боюнча эки жыныстагы талапкерлер жок болгон учурда өткөрүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2025-жылдын 9-августундагы № 194, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)