56-берене. Кайра добуш берүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 56-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Эгерде шайлоо бюллетенине Президенттин кызмат ордуна экиден ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири да шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын кыйла көп добушун алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүүнү дайындайт.
2. Кайра добуш берүү ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын сактоо менен, шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 күндүн ичинде өткөрүлөт. Кайра добуш берүү күнү жөнүндө билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
3. Эгерде кайра добуш берүүнү өткөргөнгө чейин Президенттин кызматына талапкердин бири чыгып кетсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, жалпы шайлоодо алгачкы жолу кайра добуш берүү дайындалган талапкерлерден кийин, шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер кайра добуш берүү өткөрүү үчүн экинчи талапкер деп таанылат. Эгерде башка талапкерлер калбаган учурда, шайлоо бир талапкер боюнча өткөрүлөт.
4. Кайра добуш берүүдө шайлоочулардын добушунун кыйла көбүрөөк санын алган талапкер шайланды деп эсептелет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)