57-берене. Кайра шайлоо
10.11.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 57-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
Шайлоо жараксыз деп таанылган учурда, ошондой эле эгерде шайлоо бюллетенине эки талапкер киргизилип жана алардын бири да шайланбай калса, же кайра добуш берүүдө бир да талапкер шайланбаса, Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде Президентти кайра шайлоону дайындайт.
Кайра шайлоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
Кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.