55-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

10-глава Президентти шайлоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 55-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары өз жыйналыштарында өз аймактарындагы шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана документтерди токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктарына ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылган учурда, шайлоонун натыйжаларын аныктоо алар сот тарабынан биротоло каралганга чейин токтотулуп турат.

3. Добуш берүүнүн биринчи турунда шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Президенттин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.