Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

10-глава Президентти шайлоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 54-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран, же болбосо талапкерди көрсөткөн саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте түзөт. Шайлоо төгүмү тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан гана ушул конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөргө ылайык төгүлөт.

2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкердин өз каражаттарынан;

2) эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерге саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттардан;

3) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн;

4) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.

Талапкердин шайлоо фондунан келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 2000000 жолудан көп эсептик көрсөткүчтөн ашпоосу керек.

Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

3. (КР 2017-жылдын 5-июнундагы № 96 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)