53-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 53-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесине жана 52-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык мурда берилген документтерге толуктоо катары Борбордук шайлоо комиссиясына биографиялык маалыматтары бар анкетаны берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы бардык документтер берилгенден кийин документтерди берген адамга токтоосуз түрдө аларды алгандыгы тууралуу, алган датасын жана берилген документтердин тизмесин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү ырастама (маалымдама) берет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде аларды текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим чыгарат. Так эместиктер же жетишпеген документтер табылган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы жетишпеген документтерди толуктоо же каталарды оңдоо жөнүндө жазуу жүзүндө корутунду берет. Документ берген адам жазуу жүзүндөгү корутунду алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде жетишпеген документтерди толуктоого же кетирилген каталарды оңдоого милдеттүү. Жазуу жүзүндөгү корутундуда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат.
3. Каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;
2) талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;
3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
41) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу;
5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган талаптарды сактабагандык.
6) эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо.
(Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутка аралыгында талапкерге же болбосо саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негизин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
5. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.
6. Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берет же өз өкүлү аркылуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын жөнөтөт. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.
7. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5-календардык күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.
8. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү күбөлүктөрүн берет.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116 , 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)