52-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон колдорду чогултуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 52-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш.
2. Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат.
3. Колдор булуттук санарип кол тамгасын (БСК) колдонуу менен санариптик форматта же болбосо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында кол коюу барактарында чогултулушу мүмкүн.
Кол коюу барагынын таризи, кол чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби жана ыкмасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
Шайлоочулардын колдорун чогултуу иштеген, кызмат өтөгөн, окуган же жашаган жери боюнча, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда үгүт иштерине жана кол чогултууга тыюу салынбаган башка жерлерде жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын башкаруу органдарынын, мекемелердин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кол чогултууга катышуусуна, ошого тете кол чогултуу процессинде шайлоочуларды мажбурлоого жана кол койгондугу үчүн аларга сый акы төлөөгө жол берилбейт.
4. Шайлоочулардын колдорун чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жаранына таандык.
5. Шайлоочулар ар башка талапкерлерди колдоп кол коюуга, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.
(Биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.
7. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттө калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин жана соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.
8. Коюлган колдордун аныктыгын текшерүү ушул беренинин 1-бөлүгүнө ылайык Президентикке талапкерге зарыл болгон сандагы ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин жүргүзүлөт.
Текшерүү жүргүзүүнүн ар бир учуру жөнүндө каттоо үчүн колдорду тапшырган бардык талапкерлер кабарландырылышы керек. Коюлган колдорду текшерүүдө колдордун белгиленген санын тапшырган бардык талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууга укуктуу.
9. Эгерде ушул беренеде каралган, аларды чогултууга жана тариздөөгө карата талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп эсептелет.
10. Борбордук шайлоо комиссиясы жекече маалыматтарды жана кол коюу барактарында көрсөтүлгөн жарандардын башка маалыматтарын текшерүүнү, анын ичинде мыйзамдарга ылайык ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен текшерүүнү жүзөгө ашырат.
11. Борбордук шайлоо комиссиясы текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерге, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө талапкерди колдогон шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген санын тапшыргандыгын ырастаган Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү документти берет.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)