49-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 49-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон жана өз шайлоо фондунун каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төккөн адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.
2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт.
3. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.
Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу бийликтин аткаруу бутагынын мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин, саясий партиянын мүчөлөрүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоочу булактарга тизмени жарыялайт жана ошол эле мөөнөттө аталган тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
4. Саясий партия тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү анын уставында каралган тартипте, саясий партиялар жөнүндө мыйзамдардын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Талапкер тапшырылган документтердин ишенимдүүлүгү үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу талапкердин Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызын тиркөө менен саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына машина менен окуй турган түрдө тапшырылат.
Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди берген адамга алынган күндү жана берилген документтердин тизмегин көрсөтүү менен аларды алгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү.
Ырастама (маалымдама) документтер жана шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасы тапшырылгандан кийин токтоосуз берилет.
5. Президенттин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү үчүн талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран же талапкерди көрсөткөн саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүдөй документтерди (Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген форма боюнча басылма түрүндө) берет:
1) өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын арызын шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документти (түп нускасын) тиркөө менен;
2) жаран саясий партиядан талапкер катары көрсөтүлгөн учурда - Президенттин кызмат ордуна аталган саясий партиядан талапкер болуп көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызын тиркөө менен саясий партиянын талапкерди көрсөтүү тууралуу чечиминин протоколу, ошондой эле саясий партиянын уставынын жана саясий партияны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
3) паспорттун көчүрмөсүн;
4) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинде каралган сертификатты;
5) төмөнкүдөй документтерди:
- башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте соттолгондугунун, реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган кылмыш ишинин бар же жок экендиги жөнүндө;
6) жеке маалыматты, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгынын (анын ичинде мурдагы жарандыктары, башка жарандыгы) бар же болбосо жоктугу жагынан маалыматтарды топтоого жана талдап чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдукту.
6. Талапкер ооруп калган, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жаткан учурларды кошпогондо, ал ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү тапшырууга милдеттүү (мында талапкердин арыздагы колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек же талапкер дарыланып жаткан стационардык дарылоо-алдын алуу мекемесинин администрациясы, ал шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалган мекеменин администрациясы тарабынан жазуу жүзүндө күбөлөндүрүлүүгө тийиш). Талапкердин өтүнүчү боюнча документтерди берүүгө адамдын ыйгарым укуктары талапкер нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык берген ишеним кат менен ырасталууга тийиш.
Шайлоо документтерин берүү, аларда камтылган маалыматтардын толуктугу жана ишенимдүүлүгү үчүн, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен берилүүчү документтердин таризделишинин шайкештиги үчүн жоопкерчиликти талапкер жана көрсөтүү тартибине карабастан саясий партия тартат.
Жазык же башка жоопкерчиликке алып келүүчү мыйзамдар бузулган белгилер табылган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы укук бузуу фактысын аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн тиешелүү документтерди жана материалдарды укук коргоо органдарына же башка ыйгарым укуктуу органдарга, сотко жөнөтөт.
7. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык документтер берилгенден кийин, документтерди берген адамга аларды алгандыгы жөнүндө берилген документтердин алынган датасын жана тизмесин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү ырастаманы (маалымдаманы) токтоосуз берүүгө милдеттүү.
8. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде толук эместик жана (же) ылайык эместиктер бар экендигин тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерге же талапкерди көрсөткөн саясий партияга табылган ылайык эместиктер жөнүндө билдирет. Талапкер же саясий партия билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл документтерди, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
Эгерде талапкер 48 сааттын ичинде зарыл болгон же оңдолгон документтерди бербесе, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерге документтерди кайтарып берет, мында мурда берилген жазуу жүзүндөгү ырастама (маалымдама) жараксыз деп эсептелет. Документтерди кайтарып берүү ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде талапкерди кайталап көрсөтүүгө тоскоолдук кылбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)