Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

10-глава Президентти шайлоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 50-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасынын Президенти 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

2. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт.

3. Президент болуп добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

4. Президенттин кызмат ордуна талапкердин Конституцияда ага карата коюлган талаптарга ылайыктуулугун Борбордук шайлоо комиссиясы ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастаманы (маалымдаманы) талапкерге берген учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде аныктайт. Мында Президенттин кызмат ордуна талапкердин Кыргыз Республикасында жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашагандыгы тууралуу факт чек аралар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматынын негизинде белгиленет.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн талапкер Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келерин ырастаган маалымдаманы көрсөтүлгөн талапкерге берүүгө милдеттүү.

Шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы) жок болгон учурда талаптарга шайкештигин текшерүү жүргүзүлбөйт, ал эми талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын документтери берилген эмес деп эсептелет жана кайтарып берилүүгө тийиш.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келген көрсөтүлгөн талапкерлердин маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты) аны көрсөткөн, шайлоо төгүмүн төккөндүгүн банктык документтин түп нускасы менен ырастаган субъектти (өзүн-өзү көрсөтүү, саясий партия) көрсөтүү менен расмий сайтка жарыялайт.

(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 28-апрелиндеги №82, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)